ЕРӨБ таза суу үчүн 18,6 млн евро бөлөт, анын 10,6 млн евросу грант

16.05.2023, 16:22 Акчабар
ЕРӨБ таза суу үчүн 18,6 млн евро бөлөт, анын 10,6 млн евросу грант

Каржы министрлиги менен ЕРӨБ ортосунда “Кыргызстандын суу тармагын жакшыртуу программасы – Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын кичи долбоорлору” боюнча насыялык жана гранттык макулдашууга кол коюлду.

Макулдашуунун жалпы суммасы 18,6 миллион еврону түзөт, анын ичинен 10,6 миллион евро техникалык жардам гранты.

"Бул долбоор ичүүчү таза сууга жетүүнү жакшыртат, суунун жоготууларын азайтат, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатат жана Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын 70 миңден ашуун калкын борборлоштурулган таза суу менен камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.

Кредиттик жана гранттык макулдашууга кол коюу Самаркандда каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун Башкаруучулар кеңешинин 32-жылдык жыйынына жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын бизнес форумуна катышуусунун алкагында болгонун кошумчалайбыз.

Тэги: новости Кыргызстана питьевая вода кредит грант ЕБРР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу