4 сотых жерден 3 тонна жер-жемиш алып, киреше тапса болобу?

16.07.2019, 15:50 Акчабар
4 сотых жерден 3 тонна жер-жемиш алып,  киреше тапса болобу?

АКШ Калифорния штатындагы Urban Homestead  фермасы чакан үй-бүлө үчүн жакшы бизнес. Алсак, Жюлянын үй бүлөсү  алгач өздөрү экологиялык таза азык  алуу үчүн чакан чарбачылык башташкан. Бирок, алардын  артып калган азыктары учурда 130 миң тургуну бар чакан  шаардын ресторандарын камсыздоо.

Кантип  3 сотых жерден киреше тапса болот?  Urban Homestead — органикалык фермасында үйдүн  кожоюну жана анын үч баласы гана иштейт.

90% продукция жашылча-жемиш. Бул жерде 400 ашык жашылча, жер-жемиштин сорту өстүрүлүп, андан жылына  3 тонн  түшүм алышат. Алардын короосунда 8 тоок, 4 өрдөк жана  2 эчки багылып, алардын жумурткалары менен сүтү үй-бүлөнү гана эмес, тамактануу жайларына дагы сатылат.  

«Башында баштаганда биздин тааныштар бизди акылдан адаштыбы деп ойлошкон. Анткени, жер иштетүүгө  шарт жок го. Алгач, өзүбүздү  азыктандыра алабызбы деп ойлогонбуз. Бирок, артып калган азыктан пайда табууну эч ким ойлогон эмес»,  деп үй ээси Жюль өз пикири менен бөлүштү. Ал болгону башында балдарына экологиялык таза ГМОсуз азык берүүнү  гана көздөгөн.

Социалдык түйүндүн активадеши бул үй-бүлөнүн бизнесин жандаткан. Анткени, сатуу жолго коюлуп, ар бир кардар үйүнөн эле азыкты алып кетет. 

 Жюль үйүнүн үстүнө күн батарейкаларын коюп, чарбасын электр энергиясы менен камсыздайт.  Анткени, электр энергиясы пюре жасоого жумшалат. Ал айына светке болгон 12 долларын үнөмдөп калган. Үй-бүлөнүн автомобили азыктардын калдыктарынан жасалган биоэнергия  менен жүрөт. Анткени, ресторандар калдыктарды дагы чогултуп, аларга бекер алып  келишет. 

Албетте, баары эле ойдогудай эмес. зыянкечтер, климаттын өзгөрүшү, эң негизгиси кургакчылык же суунун тартыштыгы дайыма жеңүүгө  аракет жасоочу кадамдарды коет. 

(тасманы англис тилинде сунуштайбыз) 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу