Кызматташуу үчүн артыкчылыктуу 20 өлкө аныкталды

07.12.2022, 14:12 Акчабар
Кызматташуу үчүн артыкчылыктуу 20 өлкө аныкталды

Учурда түрдүү экономикалык чакырыктарга тез жооп берүү шарт болууда. Мындан улам экспорттук логистикалык чынжырларды, анын ичинде биримдиктин ички рыногуна кайра багыттоо актуалдуу маселелердин бири болууда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясы билдирди.

Эксперттик ыкмалардын негизинде кызматташуу боюнча 20 артыкчылыктуу чет элдик өнөктөштөрдүн тизмеси түзүлдү. 

Алдыңкы ондукка Кытай, Индия, Египет, Вьетнам, Өзбекстан, БАЭ, Бразилия, Индонезия, Мексика, Түркия кирген. Экинчи ондукка Азербайжан, Сербия, Израил, Монголия, Сауд Арабиясы, Таиланд, Иран, Бангладеш, Сенегал, Алжир кирген.

Ошондой эле, ЕАЭБтеги өлкөлөр үчүн экспортту жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү үчүн келечектүү товарлар жана тармактар аныкталды. 

“Максатыбыз биримдиктеги өлкөлөрдүн тышкы базарлардагы позицияларын бекемдөө. Ал үчүн экспорттук потенциалдуу товарларга суроо-талапты стимулдаштыруу боюнча чараларды көрүшүбүз керек. Ошондой эле, өнөр жайда жашыл технологияларды өнүктүрүү, ЕАЭБ аймагында өндүрүштү локалдаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө, кооперацияга жана экспортко тоскоолдуктарды аныктоого жана четтетүүгө мүмкүнчүлүктөрдү беришибиз керек. Мындан тышкары, тышкы рыноктордо өнөр жай продукциясын сертификациялоо жана биргелешкен интеграциялык долбоорлорду каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу жана өнүктүрүүгө көңүл буруу керек”, – деди Николай Кушнарев, ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директору.

 

Тэги: новости Кыргызстана ЕАЭС ЕЭК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу