Эгемендүүлүк күнүндө Ошто 12 социалдык объект пайдаланууга берилет

26.07.2021, 15:00 Акчабар
Эгемендүүлүк күнүндө Ошто 12 социалдык объект пайдаланууга берилет

Эгемендүүлүк күнүн утурлай Ош облусунун аймактарында сегиз мектеп жана төрт бала-бакчанын курулушу даяр болот. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Ошто 2016-жылдан тарта 20га жакын социалдык объекттердин курулушуна этабы менен мамлекеттен каражат бөлүнүп келет. Быйылкы жылы аймактагы курулуштарга 80 миллион сом бөлүнгөн.

Эгемендүүлүктүн быйылкы 30 жылдыгына карата республика боюнча мектеп, бала-бакча өңдүү 30 обьекттин курулушу бүтөт. Ал эми быйылкы жылы жалпысынан 174 обьект куруу каралган болсо, анын ичинен 91и капиталдык курулушка кирет.

Тэги: эгемендүүлүк мектеп бала-бакча Ош курулуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу