Экоавтобустарды сатып алууга жарыяланган тендерди кытайлык компания утуп алды

28.04.2020, 16:10 Акчабар
Экоавтобустарды сатып алууга жарыяланган тендерди кытайлык компания утуп алды

Бишкекке жүз автобус сатып алууга жарыяланган тендерди кытайлык «Xiamen king long united automative industry Co., Ltd.» компаниясы утуп алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, газ менен иштеген автобустарды сатып алуу боюнча тендер быйыл кышта жарыяланган. Ага бюджеттен 650 млн сом каралган. Тендердик комиссия жети ишкананын ичинен кытайлык компанияны тандап алды.

Компаниялардын тизмеси:

1. «ДТ Техник» ЖЧК;

2. Beiqi Foton motor Co., Ltd;

3. Минск автомобиль заводу;

4. XIAMEN KING LONG UNITED AUTOMATIVE INDUSTRY Co., Ltd;

5. Xiamen Golden Dragon Bus Co., Ltd;

6. Nanjing Golden Dragon Bus Co., Ltd;

7. ZHENGZHOUYUTONGBUSCO., Ltd.

«Тендерге катышкан ишканалардын бири 30-мартта комиссиянын чечимине нааразы болуп арыз жазган. Буга байланыштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментине тендердик комиссиянын ишине баа берүүнү өтүнүп кат жиберилди», - деп айтылат маалыматта.

 

 

«Бишкекке 2020-жылы чыккан автобустар алынып келет. Бир транспортко 70тен ашык адам батат. Отургучтардын саны 26дан кем болбойт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандустар каралган» , - деп кошумчалашты мэриядан.

Тэги: Экоавтобус кытайлык компания сынак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу