«Экоэнер Инвершнс» күн электр станцияларын курууга инвестиция салат

02.12.2021, 15:28 Акчабар
«Экоэнер Инвершнс» күн электр станцияларын курууга инвестиция салат

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Каржы министри Алмаз Бакетаев “Экоэнер Инвершнс” компаниясынын аткаруучу директору Луис Де Вальдивия баштаган өкүлдөр менен жолугушту.

Жыйынга Мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрү да катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында тараптар Кыргызстанда түз инвестициянын эсебинен күн электр станцияларын курууну, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу менен республикада "Экоэнер Инвершнс" ГЭСтерин курууну талкуулашты.

"Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар фотоэлектрдик жана ГЭСтердин окшош долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө макулдашышты. Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагындагы кызматташуунун башка маселелери талкууланды”, - деп билдирди Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Бул компаниянын дүйнө жүзү боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактары, ГЭС, шамал жана күн электр станциялары тармагындагы долбоорлордо 30 жылдык тажрыйбасы бар экени белгиленген.

Тэги: солнечные электростанции Кыргызстан энергетика Экоэнер Инвершнс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу