Экология министрлиги: Былтыр түтүн маселеси кеминде 10-15% азайды

27.02.2024, 10:10 Акчабар
Экология министрлиги: Былтыр түтүн маселеси кеминде 10-15% азайды

2023-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Газпром Кыргызстан” ишканасы менен бирге 9 калктуу конушту газдаштырды жана 14 миң 092 абонентти газга туташтырды. 

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 47 конуштан 31 конуш газ менен камсыз болду. 

Эске салсак, 2023-жылы калкка мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын эки коммерциялык банкы катышкан, насыялоонун көлөмү 1 млрд сомду түзгөн. 

Тэги: кара түтүн Экология министрлиги жаратылыш газы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу