Экологиялык мыйзам бузууларга айып пулду көтөрүү сунушталды

20.09.2023, 11:02 Акчабар
Экологиялык мыйзам бузууларга айып пулду көтөрүү сунушталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык мыйзам бузуулар үчүн айып пулду жогорулаткысы келет. Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды. 

Маалыматка ылайык, өлкөдө айлана-чөйрөнү коргоо жаатында ишканалардын жана уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдар жана ченемдик актылар бар. Бирок бул жаатта алгылыктуу натыйжаларга жетишүү үчүн экологиялык нормалардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү жана калк менен чарбалык субъектилердин арасында экологиялык мыйзамдардын бузулушуна жол бербөө үчүн жигердүү иштерди жүргүзүү зарыл. 

“Айланы-чөйрөнү коргоо жаатындагы укук бузуулар үчүн катуу жазаларды киргизүү Кыргызстанда экологиялык нормалардын сакталышын жана жаратылыш ресурстарын сактоону натыйжалуураак көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл”, - деп айтылат маалыматта. 

Министрлик жазаны күчөтүү ишканалар менен уюмдардарды экологиялык стандарттарды жана эрежелерди сактоого үндөөрүн, бул өз кезегинде айлана-чөйрөнүн булганышын азайтаарын белгилейт. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу