Быйыл экономикалык өсүү 4% жетет

15.07.2019, 14:43 Акчабар
Быйыл экономикалык өсүү 4% жетет

2019-жылы экономикада өсүү  4% болот. Бул тууралуу бүгүн КР Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев пресс-конференцияда билдирди.   

Жогорудагы  өсүүгө жетүү үчүн өкмөт койгон   талапттарды аткаруу керек. 

 Алыбаевдин айтымында экономикада өсүү  болууда. Анын пикиринде 2019-жылдын биринчи жарымында экономикадагы өсүү 6,4% катталып, бул  «Кумтөрдү» кошпогондо 2,5% деп билдирди. 

«Эгерде сырткы секторду карасак, экспорт 3,7% жетти. Импорттун көлөмү төмөндөп  4,7% түздү», -деп билдирди ал. 

Экономика  министрлигиндеги макроэкономикалдык саясат башкармалыгынын башчысы  Насирдин Шамшиев жылдын аягында эмнеге экономикада төмөндө болорун түшүндурдү. 

«Биз «Кумтөрсүз»  өсүү денгээлин 3,6% болдоп, а алтын кени менен – 4% деп болжодобуз. Эмнеге биринчи жарым жылдыкта  өсүү жогору, анткени  «Кумтөр» былтыркы жылдын төртүнчү кварталында көп алтын казышкан. Ошондуктан, 2019-жылы өсүү көп», -деп билдирди ал. 

Инфляция бир калыпта – 0,3% турат деп кошумчалады Кыргызстандын Экономика министрлиги.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу