Кыргызстандын экономикасы 8% төмөндөгөн

10.12.2020, 16:30 Акчабар
Кыргызстандын экономикасы 8% төмөндөгөн

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында экономика дээрлик 8% төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашты. 

 

Комитеттин алдын ала берген маалыматына ылайык, 2020-жылдын январь-ноябрь айындагы ИДПсынын көлөмү 511 млрд сомду түзгөн. Өтөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 8.1% төмөндөдү. Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 453 млрд сомду түзүп, 8.6% төмөндөгөн. 

 

«Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-ноябрында 290 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 5,5 пайызга төмөндөдү, буга күйүүчү майдын көлөмүнүн кыскарышы себеп болду (56,8 пайыз),  текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдар (20,6 пайыз), резина жана пластмассадан жазалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар (8,4 пайыз), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (4,6 пайыз), азык-түлүктү өндүрүү  (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (4,3 пайыз), темир жана темирден жазалган буюмдар, буга машина менен жабдуулар кирбейт (2,6 пайыз), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (22,0 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди», - деп билдиришти Улуттук статистикалык комитеттен. 

 

 

Тэги: ВВП промышленность Нацстатком КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу