Ички дүң продукт (ИДП) алдын ала эсептөөлөр боюнча 2023-жылдын январь-июнь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.9%га өсүү менен 453 млрд сомду түздү.
ИДПнын мындай өсүшү текстиль өндүрүшүнүн көлөмүнүн 38,5%га, фармацевтика продукциясынын 26,4%га, химиялык продукциянын 22%га, жыгач жана кагаз буюмдарынын 19,8%га, резина, пластмасса жана курулуш материалдарынын 16,9%га, тамак-аш жана тамеки продуктыларынын 10 пайызга, ошондой эле пайдалуу продуктыларды казып алуу 6,1 пайызга көбөйүшү менен байланыштуу.
Эске салсак, өткөн жылдын январь-июнь айларында ИДПнын көлөмү 335,3 млрд сом өлчөмүндө түзүлүп, өсүш 6,3% болгон.