Экономика министри жарандарды туристтерди сыйлоого чакырды

02.01.2024, 17:06 Акчабар
Экономика министри жарандарды туристтерди сыйлоого чакырды

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргызстандыктарды жаңы 2024-жылы менен куттуктап, жарандарды туристтерди сыйлоого чакырды. 

Ал өз кайрылуусунда туризм тармагына токтолуп, өнүккөн өлкөлөрдө туризм тармагы абдан жакшы жолго коюлгандыгын баса белгилеген. 

“Топ-топ болуп жүргөн индиялык же пакистандык студенттерди же башка туристтерди көрсөк эле сындай баштайбыз. “Каптап кетти, басып кетти, антти-минтти” деп эле интернетке ар кандай сөздөрдү ылгабай жаза баштайбыз. Анан эле андай сөздөрдү коштоп киребиз. Ушинтип жерип турсак, анан биздин туризм тармагы кантип өнүксүн, андай нааразы кептерди түшүнгөн чет элдиктер кантип бизге келсин?! Тилекке каршы, бул өтө кейиштүү көрүнүш болуп турат”, - деп айтылат билдирүүдө. 

Ал белгилегендей, түшүнгөн адамга, керек болсо, ар бир студент же ар бир турист - түздөн-түз инвестор. Алардын баскан-турганынан, жеген тамак-ашынан, кооз-кооз жерлерибизге барганына чейин бизге каражат калып жатканын билишибиз керек. Туристтерди көргөндө, тескерисинче кубануу менен, сый-урмат менен мамиле жасашыбыз керек.

“Алар биздин жерибизге түбөлүк калып калбастыгын аңдап-түшүнүүбүз кажет. Ар бир туристтен калган акча өлкөбүздүн туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жумшаларын билишибиз зарыл”, - деп белгилейт министр. 

 

Тэги: экономика министри Данияр Амангелдиев туристтер Индиядан келген студенттер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу