JICA Кыргызстанга сүт азыктарынын сапатын жакшыртууга жардам берет

01.06.2023, 15:52 Акчабар
JICA Кыргызстанга сүт азыктарынын сапатын жакшыртууга жардам берет

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Назарбек Малаевдин катышуусунда Япониянын JICA Эл аралык кызматташтык агенттиги менен техникалык кызматташуунун алкагында биргелешкен координациялык комитеттин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда долбоордун учурдагы ишмердүүлүгүнүн маселелери, долбоорду мындан ары ишке ашыруу пландары, Японияда өткөрүлгөн техникалык окуу боюнча лабораториялар жана ХАССП боюнча жумушчу топтордун презентациялары талкууланды. Баалоо миссиясынын жыйынтыгы боюнча долбоордун ишмердүүлүгү оң бааланды.

“Долбоордун максаты ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык жүгүртүүгө чыгарылган сүт жана сүт азыктарынын сапатына жана коопсуздугуна баа берүү тутумун бардык кошумча нарк чынжырчасы боюнча өркүндөтүү”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстандын 314 ишканасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагы аркылуу контролдонуучу товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана сактоону жүзөгө ашыруучу Кыргызстандын уюмдарынын жана жактарынын реестрине киргизилген, анын ичинен 37 ишкана сүт жана сүт азыктарын өндүрөт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу