Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

23.12.2020, 15:30 Акчабар
Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлдөрү «Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карашты. Бир күн ичинде бул мыйзам долбоору төрт окууда тең каралдып, жыйынтыгында кабыл алынды. 

 

 

Мыйзам долбоору өз каалоосу менен байлыктары тууралуу жана республикалык бюджеттин тартыштыгы маалында кирешеси тууралуу декларация тапшырган мамлекеттик ишкерлерге кошумча кепилдик орнотуу максатында иштелип чыккан. 

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев бул мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөрдү билдирген:

«Инвесторлордун иши үчүн өтө маанилүү. Алсак, эгер мыйзам бузуу катталса, соттун чечими чыкмайынча ага карата камоо жазасы колдонулбайт. Андан тышкары, мыйзамды сунуштоодогу негизги максат каражат түшүрүп калуу эмес, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу болуп эсептелет», — деп билдирген.

Тэги: Жогорку Кеңеш жыйын Экономикалык мунапыс Мыйзам долбоору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу