Экономиканын эртеңи

08.05.2020, 16:44 Акчабар
Экономиканын эртеңи

Дүйнөдөгү соңку кырдаалдан улам кыргыз экономикасынын эртеңи тууралуу «Акчабар» каржы порталына экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев кыскача маек курду.  

- Саламатсызбы, Автандил мырза! Азыркы кырдаалда көпчүлүктү экономиканын абалы кызыктырып жатат. Жакынкы үч ай же жарым жыл аралыгында Кыргызстанды кандай кырдаал күтүүдө?

- Коронавирус пандемиясы дүйнөлүк экономикага чоң зыян келтирди. Дүйнөдө 200гө жакын өлкөгө ушул вирус тарап, ошол мамлекеттердин экономикасынын токтоп калуусуна же кескин төмөндөшүнө алып келди. Бул биздин экономикага таасир тийгизе турган тышкы факторлор. Эксперттердин айтымында, коронавирус терең жайылган Евробиримдик өлкөлөрүнүн экономикасында алты-жети пайызга төмөндөө болуп жатат. Мындан тышкары, эксперттер негизинен туризм тармагына абдан ири зыян келди деп белгилешүүдө. Ал эми коңшу турган Кытай бул абалдан эки айдын ичинде кандай чыкканын баарыбыз көрдүк.   

Эми Кыргызстандын экономикасынын 2020-жылдын биринчи кварталындагы жыйынтыгын карасак, бизде жалпысынан экономикада төмөндөө болгон жок, бирок өсүү темпи жайлады. Ички дүң продуктунун жалпы көлөмү болгону 1,5 пайызды түздү. Кумтөрдү кошпогондо 0,8 пайызга  гана өсүү болду. Ал эми март айынан тарта экономикада төмөндөө башталды. Ошол кезде чек аралар жабыла баштагандыктан, сырттан келип жаткан импорт токтой баштады. Экспортко болгон мүмкүнчүлүктөр кыскарды, себеби башка өлкөлөрдүн чектөөлөрүнө туш болушту. Мындай татаал учурда ар бир өлкө чек арасын жаап, өз кызыкчылыгын коргоп, ар кандай ишмердүүлүккө чектөөлөрдү кое баштады. Соода боюнча өнөктөш мамлекеттердеги экономикалык абалдын начарлашы Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизди. Май айынын экинчи декадасынан баштап өзгөчө абал алынса, анда майдын аягынан тарта чарба жүргүзүүчү субъекттер акырындык менен ишке кирип, бара-бара экономика өз калыбына келе баштайт. Белгилей кетүүчү нерсе, бизден көз карандысыз, сырттан келе турган таасирлер бар. Мисалы, биз чектөөлөрдү алган күндө да биз менен соода кылган башка өлкөлөр чектөөлөрдү албаса, анда абал оорураак болот. Экинчиси, биздин өлкөнүн ичиндеги чектөөлөр, бул биздин өзүбүздөн көз каранды. Биздин мамлекет кандай чечимдерди кабыл алса, абал ошого жараша турукташат.

- Экономиканы турукташтыруу боюнча кайсы тармакка көбүрөөк көңүл бурулушу зарыл?

- Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан экономикалык абалга тынымсыз мониторинг жасалып турат. Экономиканы турукташтыруу максатында биз кандай иш-аракеттерди жасашыбыз керек, башка өлкөлөр кандай аракеттерди жасап жатканын билип, иликтеп турабыз. Азыркы учурда негизги басым азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жасалууда. Жазгы талаа иштери да убагында болушу үчүн өкмөт тарабынан шарттар түзүлүп жатат. Айыл чарба министрлигинин айтуусу боюнча негизги талаа жумуштары аяктоодо. Анын ичинен буудай былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк эгилгендигин билдиришти. Айыл чарбасына тиешелүү иштер өз убагында жүргүзүлүүдө. Ал эми коронавирстун айынан башка тармактардан соода тармагы, кызмат көрсөтүү жана өнөр жай тармагы жабыркады. Биздин экономикада соода-сатык тармагы менен кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 47 пайызды түзөт. Бул биздин ички дүң продуктунун жарымы болуп жатат. Ошондуктан бул тармактардагы абалдын кескин начарлашы дагы экономикага терс таасирин тийгизет. Бирок чакан жана орто бизнести колдоо максатында ар кандай преференцияларды берүү боюнча бир топ иштер жасалып жатат. Чакан жана орто бизнеске төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү улантылып, кредиттердин көлөмүн көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ушул багыттагы иштерди биз убагында аткарсак, кыйынчылыктан тезиреек чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бирок экономикада жылдын жыйынтыгы боюнча жалпысынан төмөндөө болору болжолдонууда. Кийинки жылы биздин божомолдор боюнча экономикада кайрадан өсүш башталышы күтүлөт.   

- Азыр дүйнөдө ири державалар ортосунда “нефть согушу” жүрүп жатканын байкап турабыз. Мунун таасири Кыргызстанга да тийбей койбосо керек... 

- Дүйнөдө коронавирустан кийинки эле каатчылык нефтинин баасынын кескин түшүп кетүүсү болду. Бул көрүнүш бир топ өлкөлөргө, анын ичинде биздин негизги өнөктөшүбүз Орусия, Казактанга терс таасир тийгизди. Себеби алардын экономикасында нефть өндүрүү чоң көлөмдү ээлейт. Нефтинин баасынын түшүп кетүүсү алардын экономикасынын солгундоосуна алып келет жана анын таасири бизге жана биздей өнөктөш  мамлекеттерге да тиет. Биздин негизги өнөктөштөр Орусия, Казакстан, Кытай, Түркия жана башка өлкөлөр. Дагы бир олуттуу жагдай, биздин эмгек мигранттарыбыздын көбү Москвада. Кыргызстанга жыл сайын түшкөн мигранттардын акча которууларынын 97 пайызы Россияга, калган үч пайыз дүйнөнүн башка мамлекеттерине туура келет. Ошондуктан Россиядагы экономикалык абалдын биздин экономикага тийгизген таасири чоң. 

- Ооба, Кыргызстанга жылына 2-2,5 млрд. долларга жакын каражатты мигранттар которушчу эмес беле. Быйыл эми анчалык каражат түшпөсө керек. Мунун кесепети кандай болушу мүмкүн? 

- Албетте, мунун экономикага таасири тиет. Бул каражат биздин экономика үчүн чоң мааниге ээ. Азыр биздин божомолдор боюнча мигранттардан түшө турган акча каражаттары 10-15 пайызга төмөндөй турганы болжолдонууда. Бул ошондой эле коронавирус пандемиясы канча убакытка чейин созулаарынан да көз каранды. Бирок алдыдагы эки-үч айдын ичинде бардык эле өлкөлөрдө турукташуу жүрөт деп эсептейбиз. Себеби биздин негизги өнөктөштөрдүн экономикасында май-июль айларында турукташуу процесстери жүрөт  деген эксперттердин божомолдору бар. 

- Дүйнөдө акыркы кезде алтын кымбаттап жатканын байкап турабыз. Кыргызстанда да белгилүү деңгээлде алтын запасы бар. Алтындын кымбатташын өкмөт кандайча жакшы жагына пайдаланса болот?

- Алтын  өндрүү биздин өнөр жайдагы кен иштетүү багытындагы негизги тармактардын бири. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк базарда алтындын баасы абдан өсүүдө. Алтын биздин экономикага сөзсүз таасирин тийгизет. Бирок дүйнөдөгү процесстер дайыма туруктуу эмес, адатта ушундай кризистерде эл өз активдерин ушундай туруктуу активдерге которот. Алтындын баасынын өсүшү ушуга да байланыштуу болуп жатат. Эгер алтындын өсүү динамикасын карап көрсөк, кризис мезгилинде алтынга болгон суроо талап жогорулай баштайт. Биздин алтын өндүргөн тармак экономикага негизинен салык жагынан жана алтын өндүргөн ишканаларында үлүшүбүз болсо алардын кирешелеринин көбөйүшү жагынан албетте таасир тийгизет.

- Кыргызстан каатчылыктан чыгуу үчүн дагы кандай рычагдарды пайдаланып жатат?

- Коронавирус дарты башталган мезгилден, марттын башынан тарта эле алгачкы кадамдар башталган. 7-мартта штабдын алгачкы иш-чаралар планы иштелип чыгып, биринчи кезектеги ыкчам чаралар көрүлгөн. Андан кийинки иш-чаралар 30-мартта өкмөттүн буйругу менен бекитилип ишке ашырылды. Ал пакет менен биздин чакан жана орто ишкерлерге, бизнес өкүлдөрүнө, жеке адамдарга, мамлекеттик уюмдарга карата кандай кадамдар жасалаары каралган. Анткени эл арасында салыктарды жана кредиттерди өз убагында төлөй албай калсак кандай болот, канадай чаралар көрүлөт деген кооптонуулар болду эле. Ошолордун бардыгын чечүү максатында бир топ чечимдер кабыл алынып, пландар иштелип чыкты. Мисалы, салыктар боюнча отчетту тапшыруу мөөнөтүн 1-июлга чейин созуу, мурдагы милдеттенмелери өз убагында аткарылбай калса айыптар, туумдар төлөнбөй тургандыгы боюнча жана башка чечимдер кабыл алынды. Мындан тышкары Улуттук банк тарабынан бир топ чечимдер кабыл алынып, коммерциялык банктарга сунуштар берилди. Туум, айыптар боюнча да сунуштар берилип, 3 ай аралыгында кардарлардан айыптар алынбасы жана туумдар кийинки мезгилдерге жылдырылышы каралган. Мындан тышкары, экономика министрлиги бир катар иш-чараларды иштеп чыгып, өкмөт менен биргеликте экономиканы турукташтыруу, чакан жана орто бизнеске көмөк көрсөтүү боюнча иштерди алып барууда.    

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу