Аманбай Кайыпов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун бүгүн, 6-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин аталган кызматта Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович иштеп жаткан. Ал кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Ал эми А.Кайыпов буга чейин өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган. Аны кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Премьер-министрдин башка буйругу менен Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү болуп дайындалды.