Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев «Кумтөр иши» боюнча кармалды

03.08.2021, 15:07 Акчабар
Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев «Кумтөр иши» боюнча кармалды

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, бүгүнтергөө өлкөнүн мурдагы премьер-министри Темир Сариевди камакка алуу чечимин кабыл алганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Тергөөдө Сариев экономика министри жана ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп туруп, Кумтөр кенин иштетүүдөн экологиялык зыяндын суммасы бир нече миллиард сомго аз көрсөтүлгөнү аныкталган, анын натыйжасында мамлекет ири зыян тарткан.

Темир Сариев камакка алынгандан кийин мекемелер аралык тергөө тобу аны менен бирге тергөө аракеттерин улантышат, андан кийин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин карайт.

Учурда Сариев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

 

Тэги: ГКНБ ГКНБ Темир Сариев Кумтор Голд Компани

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу