Кытай карызды реструктуризациялоо боюнча Кыргызстандын кайрылуусун колдоду

29.04.2020, 13:50 Акчабар
Кытай карызды реструктуризациялоо боюнча Кыргызстандын кайрылуусун колдоду

«Эксимбанктын» алдындагы карызды реструктуризациялоо боюнча кайрылуубуз колдоо тапты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, президент Сороонбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен «Эксимбанктын» алдындагы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшкөн.

«Менин билишимче ал кайрылуу колдоо тапкан. «Эксимбанк» биздин адистер менен байланышып, ал багытта иштер башталган», - деди ал.

Асрандиев башка насыя берүүчүлөр менен тышкы карыз боюнча сүйлөшүүлөр болуп, Париж клубунун алкагында эки тараптуу насыялардын төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдыруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Тэги: Эксимбанк Кыргызстан карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу