Кыргызстанда инфляция 2023-жылдын январында бир ай мурдагы 14,7%дан 15,3%га чейин өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери билдирди.
Керектөө бааларынын индексинин өсүшүнүн негизин азык-түлүк компоненти (16,8%) түзгөнү белгиленген. Мында кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин динамикасы 9%га жакын турукташкан.
Азык-түлүктөн башка баалар 2023-жылдын январында бир ай мурунку 12,7%дан 14,1%га чейин өстү. Баанын өсүшү негизинен баасы алмашуу курсунун динамикасынан көз каранды болгон импорттук товарларга (кийим-кече жана бут кийим, үй-тиричилик буюмдары) белгиленген.
"Азырынча биз сомдун арзандашы убактылуу жана анын ички баага тийгизген таасири жакынкы айларда алсырай баштайт деп эсептейбиз. Муну менен катар 2022-жылдын март-апрель айларындагы инфляциянын өсүшүн эске алынгандан кийин, жаздын орто ченинде баалардын жылдык өсүү темпинин басаңдашы күтүлөт", — деп айтылат ЕӨБ билдирүүсүндө.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане