Ушул жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 410,1 миллион долларды түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорттун көлөмү 55,2%га өстү, деп билдирди ЕЭК.
Жеткирүүлөрдүн көбү Орусияга 209,8 миллион доллар менен туура келип, экспорт 67,9%га өстү. Казакстанга 194 миллион долларга товар экспорттолуп, өсүш 44,5%ды түздү.
Беларуска экспорттун көлөмү 6,3 миллион долларга чейин көбөйдү (+ 27,8%). Отчеттук мезгилде Кыргызстан Арменияга эч нерсе жеткирген эмес.