2019 – жылдын январь-август айларында Кыргызстан ЕАЭС мамлекеттери менен 1.7 млрд. $ соода жүргүзгөн. Өткөн жыл менен салыштырып караганда, соода көлөмү 5% кыскарган. Бул тууралуу Улуттук стаистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, экспорт 8%, импорттук түшүүлөр – 4.1% кыскарган. Эң көп Кыргызстан Россия менен соодасы - 60.8%түзүп, жалпы соодадан эң көп көлөмдү түзгөн. Казакстан менен болгон сооданын көрсөткүчү – 37%. ЕАЭС мамлекеттерине болгон экспорттук жөнөтүүлөр төмөндөгүчө:
• Казакстан —219 млн. $
• Беларусия —8.6 млн. $
• Армения — 40 миң $
Роосиядан - 875.4 млн. $, Казакстандан – 411.4 млн. $, Беларусиядан – 29.4 млн. $ жана Армениядан – 273 миң $ импорт келген.