Кыргызстандан ЕАЭСке болгон экспорттун көлөмү 444.3 млн долларды түзгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу 3.6 % азайган. Бул тууралуу экономика министрлигинин орун басары Эльдар Алишеров билдирди.
Экспорт:
- үчүнчү өлкөлөргө - 912.2 млн доллар (өсүү 21% түзгөн);
- КМШ өлкөлөрүнө - 598 млн доллар (5.4% кыскарган);
- ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттерге - 1221.7 млн долларга (өсүү 14.4% түзгөн);
- ЕС мамлекеттерине - 605 млн доллар (өсүү 1.3 эсеге көп болгон).
Экспорттун кыскаруусунун себеби, жеңил жана текстиль өнөр-жайынын өндүрүшүнүн азайуусу болгон. Анын ичинен кийим жана кийимге керектүүлөр 1.7 эсеге, бут кийим 41.5 пайызга, электрдик лампалар 38 пайызга, тарнспортко керектүү жабдыктар 16 пайызга азайган.