Кыргыз алтынынын Швейцарияга экспорту 4 тоннага чейин өстү

14.08.2023, 18:37 Акчабар
Кыргыз алтынынын Швейцарияга экспорту 4 тоннага чейин өстү

Алты айда Кыргызстан чет өлкөлөргө 4,82 тонна алтын экспорттогон. Анын ичинен 3 тоннадан ашыгы июнь айында сатылган. Муну расмий статистика тастыктап турат.

Июнь айында Кыргызстан Кытай менен Швейцарияга алтын саткан. Анын ичинен акыркысы негизги сатып алуучу болуп калды. Жалпысынан республика ал жакка 3,97 тонна алтын экспорттогон, анын 1,2 тоннасы январь-апрель айларында жана 2,77 тоннасы июнь айында болгон. Ошол эле учурда өткөн жылы Швейцарияга баалуу металл жеткирилген эмес.

Мындан тышкары, Кытайга 349,9 килограмм, жыл башынан бери жалпысынан 517,9 килограмм алтын сатылган.

Алсак, июнь айында республика 193,6 миллион долларга, ал эми жыл башынан бери 302 миллион 793,6 миң долларга алтын сатты. Ал эми 2022-жылдын ушул эле мезгилинде жеткирүүлөр 609,6 миң долларга бааланган.

Тэги: Швейцария золото экспорт новости Кыргызстана Китай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу