Кыргызстандын Кытайга болгон экспорту 25% өстү

25.12.2019, 14:31 Акчабар
Кыргызстандын Кытайга болгон экспорту 25% өстү

2019-жылы Кыргызстандын Кытайга болгон экспорту 25% жогорулаган. Бул тууралуу маалымат жыйында президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

«Биз башка өлкөлөр менен болгон соодалашууну жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр менен жургүзөбүз. Бизде Кытайга болгон экспорттун көлөмүн көтөрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар», — деп билдирди президент.

Жээнбеков Кытай менен Кыргызстандын мамилесин жогору бааларын белгилей кетти. 

«Бул жылы мен КЭР мамлекеттик иш сапар менен бардым. Биз Кытай тарап менен жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Жыйынтыгында 7 млрд $ макулдашууга кол коюлду. Андан сырткары, эки өлкө ортосунда стратегиялык өнөктөштүк орун алды», — деп кошумчалады өлкө башчы.  

Андан сырткары, президент Кыргызстан башка өлкөлөр достук мамилени чыңдап жатканын билдирди. 

«Кытай Эл Республикасы - биздин башкы инвестор. Учурда Кытай көп жерден бизге көмөк көрсөтүп жатат», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков. 


 

Тэги: экспорт Китай ШОС Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу