Кыргызстандан Евразия экономикалык бирикмеге жөнөткөн экспорттун көлөмү, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында 164 млн 982 миң 214 долларды түздү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан билдиришти.
Экспорттун басымдуу бөлүгү же 90 млн 626 миң 899 доллар Орусияга жөнөтүлгөн. Бул 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3.1% аз болгон.
Жалпысынан Кыргызстандан ЕАЭБге болгон экспорттун көлөмү 17.4% төмөндөгөн.