Ушул жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан мунай заттарын экспорттоонун көлөмү 34,5 тоннага, же 85% га өстү. Мындай маалыматтарды Улуттук статком билдирди.
2021-жылдын январь-май айларында өлкөдөн 1 миллиард 769 миллион 552,4 миң сомго 75,1 тонна экспорттолгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине карата, мунай заттарын экспорттоонун көлөмү 1 миллиард 580 миллион 218,2 миң сомго 40,5 тоннаны түзгөн.
Кыргызстан мунай заттарынын ири бөлүгүн Грузия, Өзбекстан, Италияга экспорттойт.