Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Кыргызстандан Кореяга продукция экспорттоо маселесин талкуулашты

01.12.2021, 09:49 Акчабар
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Кыргызстандан Кореяга продукция экспорттоо маселесин талкуулашты

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Корея Республикасынын Тышкы иштер министрине Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Түштүк Кореяга экспорттоого шарттарды түзүү үчүн фитосанитардык кызматтардын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу маселесин кароону сунуштады.

Министрлердин жолугушуусу Дүйшөмбү шаарында 14-Борбор Азия - Корея Республикасы кызматташтык форумунун алкагында өттү.

Жолугушууда Казакбаев жакынкы жана орто мөөнөттүү келечекте инвестициялык, соода-экономикалык кызматташууну сапаттуу деңгээлге чыгаруу артыкчылыктуу экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, Өзгөн күрүчүн Корея Республикасынын импорттук квотасына киргизүү жана кыргыз балы үчүн импорттук бажы тарифтерин төмөндөтүү өтүнүчү айтылды.

Сүйлөшүүнүн соңунда Казакбаев эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоо максатында Кореянын тышкы иштер министрин каалаган ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Тэги: глава МИД КР Корея деловой форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу