2018-жылы Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын 99.9% экспорту КМШ, Азия менен Европага жөнөтүлгөн. бул тууралуу 27 мартта кыргыз-орус конференциясында айыл чарба жана азык-түлүк өнөр жай кызматынын өкүлү Бекжан Жолуев белгиледи.
Былтыр Кыргызстан Россияга $62.7 млн сомдук айыл чарба азыктарын экспорттогон. Бул 2017-жылга салыштырганда $19.8 аз.
«Россия Федерациясына негизинен кыргызстандын жер-жемиштери жөнөтүлөт. мындан тышкары республика картөшкө, төө буурчак, тамеки, пахта, тирүү малды, этти, сүт, жүн жана терини экспорттого даяр» — деп белгиледи Жолуев.
Кыргызстан Россиядан тышкары айыл чарба азыктарын Азербайджан, Таджикистан, Украина, Германия, Франция, Турция, Казахстан менен Өзбекистанга жөнөтөт.