Кыргызстан Иркутск облусу менен кызматташуу үчүн бир катар келишимдерге кол койот. Бул туралуу КР Ыйгарым жана укутуу элчиси Аликбек Жекшенкулов менен Чыгыш Сибиринин соода-өнүктүрүү палатасынын өкүлү менен болгон жолугушууда билинди.
Эки өлкөнүн өкүлдөрү КР менен Иркутск облусунун соода-экономика, тоо-кен, алтын казуу иштери, туризм жана токой-чарба кызматташтык өнүгүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Андан сырткары, Кыргызстандан өндүрүлгөн айыл-чарба азыктарын жана тигүү өнөр-жайынан чыгарылган товарларды Иркутска экспорттоонун көлөмү өсүшү күтүлүүдө.
2020 – жылы бизнес – чөйрөдө жүргөн эки аймакка тең биргелешкен бизнес-форумдар өткөрүлөт.