Ушул жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 5 млрд 738,5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 21,2% түздү. Бул өлкөгө импорттун 47,3%га көбөйүшүнө байланыштуу, он айдын жыйынтыгы боюнча 4 млрд 390,7 млн долларга бааланган.
Министрдин сөзүнө караганда, Кыргызстандан экспорттук жеткирүүлөрдүн азайышы байкалууда.
“Экспорттун көлөмү 19,7%га азайып, 1 млрд 347,8 млн долларды түздү”, - деди ал.