Январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 960,2 млн долларды түздү, деп билдирди Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы.
Өткөн жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 14,2% га көбөйгөн. Мында, экспорттук берүүлөр 28,4% га, импорттук түшүүлөр - 10,6% га көбөйгөн.
Республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын ири үлүшү Орусияга (69,1%) жана Казакстанга (29,1%) туура келген.