Эл аралык өнүгүү ассоциациясы жумушсуздук менен күрөшүүгө 30 млн доллар бөлдү

29.11.2022, 10:55 Акчабар
Эл аралык өнүгүү ассоциациясы жумушсуздук менен күрөшүүгө 30 млн доллар бөлдү

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) Кыргызстандагы “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек базарын чыңдоо” долбооруна 30 миллион доллар бөлдү.

Кечээ, 28-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен ЭӨА ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо долбоорун карап, жактырды. 

Биринчи окууда мыйзам долбоорун Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова алып чыкты. Анын айтымында, долбоор үч компоненттен турат:

1-компонент: "Үй-бүлөгө көмөк" программасынын алкагында тез жардам көрсөтүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу.
2-компонент: Калктын аялуу катмары, анын ичинде эмгек мигранттарынын  ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.
3-компонент: Социалдык коргоонун системаларын чыңдоо.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу