Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 30 млн доллар насыя берет

08.02.2023, 17:40 Акчабар
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 30 млн доллар насыя берет

Парламенттин бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.  

Маалыматка ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга социалдык жардам көрсөтүү жана эмгек рыногун чыңдоо долбоорун ишке ашырууга насыя түрүндө 30 млн доллар берет.

“Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында чукул жардам көрсөтүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу, калктын аялуу катмарын, анын ичинде эмгек мигранттарын ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана социалдык жактан коргоонун системаларын чыңдоо камтылган”, - деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, 2022-жылдын 5-октябрында Бишкекте Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда “Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө” долбоорун каржылоо боюнча документке кол коюлган. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу