Эл аралык валюта фондунун насыясы өлкө бюджетин колдоого жумшалат

27.03.2020, 16:45 Акчабар
Эл аралык валюта фондунун насыясы өлкө бюджетин колдоого жумшалат

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга бөлгөн насыя өлкө бюджетин колдоого жумшалат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган фонддун аткаруу кеңеши Кыргызстандын шашылыш жардам механизми боюнча кайрылуусун жактырып, 80,6 млн доллар бөлгөн Ошондой эле тез насыялоо механизминин алкагында 40,3 млн доллар берилүүдө. Жалпы сумма 120,9 млн долларды түзөт.

«Бул насыя жеңилдик шарттары менен берилгенин айтып өтөлү. Ал өлкө бюджетин колдоого жумшалат. Пандемиянын чыгышы өлкөбүздүн макро жана микроэкономикалык перспективасын алсыздандырды. Төлөм балансындагы ажырымды көрсөттү. Ал ажырым 400 млн доллар деп бааланууда», - деди ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Тэги: Эл аралык валюта фонду насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу