Эл каттоо 2020: Улутстатком каттоочуларды окутуу семинарларын өткөрөт

26.02.2020, 17:00 Акчабар
Эл каттоо 2020: Улутстатком каттоочуларды окутуу семинарларын өткөрөт

Улуттук статистикалык комитетте 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун электрондук форматта каттоо маселелери боюнча окутуу семинарлары өтөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

«Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу үчүн жана каттоону өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында Улутстаткомдо жана анын аймактык бөлүмдөрүндө үстүбүздөгү жылдын 25-февралынан 29-февралына чейин убактылуу персонал үчүн окутуучу семинарлардын серияларынын биринчи этабы өткөрүлөт. Ошону менен бирге, жалпы республика боюнча каттоо иштерине тартылган 500дөн ашык координаторлор окутуудан өтүшөт.

Семинарлардын жүрүшүндө координаторлордун милдеттерин, иш боюнча көрсөтмөлөрдү,  мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо барактарынын мазмунун, ошондой эле аларды толтуруу тартибин деталдуу түрдө кароо пландаштырылууда.

2020-жылы 23-марттан 1-апрелге чейинки мезгилде өлкөнүн бардык аймагында эл жана турак жай фондун каттоо бир убакытта өткөрүлөт. Шарттары татаал аймактарда каттоо иши 20-апрелинен 29-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоо бөлүмүнүн координатору катары 506 адам ишке алынат. 2 556 адам инструктор – контролер жумушка алынат. Мындан тышкары 24 837 каттоочу адам ишке алынат.

 

Тэги: Эл каттоо - 2020 Улутстатком каттоочу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу