Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге видео аркылуу кайрылуу жолдоду. Анда депутат Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин 2020-жылдын 4-апрелиндеги №25 буйругун репрессия катары сыпаттаган.
Маалыматка ылайык, Орозалиевдин буйругунда ар бир жаран кампасына 5 тонна ун, 1 тонна күрүч, 5 тонна кумшекер, 1 тонна суу май, 1 тонна макарон, 5 тонна эт кармасы, анда ал мыйзамдуу түрдө жооп берет деп жазылган.