Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы тарифтерди иштеп чыгууда. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, бул маселе учурда талкууланууда. Азырынча акыркы чечим чыга элек. Тарифтер 2021 жана 2022-жылдардагы инфляциянын деңгээлин эске алуу менен көтөрүлөт.
Маалыматка ылайык, 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйындан турган тариф үчүн эки жылдык инфляциянын деңгээли каралат. Аны эске алганда тариф 97 тыйынды (26%га өсөт) түзөт.
“Биз мындай тарифти 700 кВт чейин керектөө үчүн пландаштырып жатабыз. 700 киловатттан ашкан керектөөгө акыркы чечим чыга элек. Бирок, тариф жылдык инфляциянын деңгээлин эске алуу менен өзгөрөт. Аны эске алганда 2,41 сомду түзөт”, - деди Султанбеков.
Мында 700 киловатт-сааттан ашык керектөө үчүн учурдагы тарифтин 2,16 сомго көтөрүлүшү 11,6% түзөт. Бирок, министрдин орун басары башка да вариант каралып жатканын белгиледи.
“700дөн 1,5 миң киловаттка чейин керектөө боюнча 2,16 сомдон 3,4 сомго көтөрүү сунуштары бар”, - деп кошумчалады ал.
Тарифтердин көтөрүлүшү керектөөчүлөрдүн эки категориясына таасирин тийгизбейт: