«Электр станциялары» экинчилик рынокто сатып алынган акцияларын жокко чыгарат

05.07.2022, 09:34 Акчабар
«Электр станциялары» экинчилик рынокто сатып алынган акцияларын жокко чыгарат

“Электр станциялары” ААК акционерлеринин 27-июлда кезексиз жалпы чогулушун өткөрөт. Негизги маселе“Бишкектеплосеть” ишканасыбоюнча актыны бекитүүболот.

Өз кезегинде “Бишкектеплосеть” ишканасынын акционерлери “Электр станцияларынын” баалуу кагаздарын алышат. Айрыкча бул үчүн акционердик коом жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтөт. Алар жеке жайгаштыруу аркылуу “Бишкектеплосеть” ишканасынын акционерлеринин ортосунда бөлүштүрүлөт. Акциялардын кошумча эмиссиясынын эсебинен коомдун уставдык капиталы да көбөйөт.

Ошону менен бирге Кыргыз фондулук биржасынын экинчилик рыногунда сатып алынган “Электр станциялары” ААКнын жалпы 357 миң 427 нускадагы баалуу кагаздары жокко чыгарылат.

Акционерлер кабыл ала турган маанилүү чечим болуп “Электр станциялары” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо болот.

Тэги: ОАО «Электрические станции» ценные бумаги внеочередное собрание Бишкектеплосеть

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу