“Электр станциялары” ААК Бишкек ЖЭБине 2,3 млрд сомго көмүр сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Д, ДГ жана Г маркасындагы 650 миң тонна көмүр сатып алуу пландалууда.
Биринчи партия бекитилген графикке ылайык, Бишкек ЖЭБдин көмүр кампасына 2022-жылдын июнь айында келип, андан кийин жеткирүү ай сайын 2023-жылдын мартына чейин уланат. Сатып алуунун жалпы суммасы 2 млрд 340 млн сомду түзөт.
Тендер эки пакеттүү түрдө бир этапта өткөрүлөт.