Акыркы бир жылда электрондук эсеп-фактураны колдонгон ишкерлердин саны 65 миңге көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 94,3 миң субъект бар.
2023-жылы ишкерлер 1,7 трлн сомдук жалпы жүгүртүүгө 19,6 млн электрондук эсеп-фактураларды беришкен.
Жалпысынан электрондук эсеп фактура ишке ашырыла баштагандан бери 5,1 трлн сомго 40,7 млн документ берилген.
Эске салсак, электрондук эсеп-фактураларды 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр, 2023-жылдын 1-майынан тартып жеке ишкерлер бере баштаган.