Кыргызстан электрондук соода жүгүртүү боюнча дүйнөдөгү 151 өлкөнүн ичинен 114 орунда турат. Бул тууралуу 24-сентябрда «КИТ-2019» IT-форумунда электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлү Елена Чигибаева билдирди.
Анын айтымында, электрондук соодадагы өнүгүүнү төмөнкү 4 баскыч аркылуу аныктоого мүмкүн:
- Интернет колдонуучулардын үлүшү
- Кредиттик картаны колдонуучулардын үлүшү
- коопсуздук кызмат
- товарды убагында жоготуусуз жеткирүү
Анын айтымында, Кыргызстанда мобилдик интенеттин кириши 103% түзөт. “Бизде аймакта интернет дээрлик бардык колдоонучуларды камтыганы менен, биз дүйнөлүк көрсөткүчтө арткы орунда турабыз”, - деп билдирет.
Е.Чигибаева билдиргендей, көбүнэсе интернеттен керектөөчү товарларды сатып алышат, экинчи орунда – электроника, үчүнчү орунда – оюнчук жана көңүл ачуучу товарлар. КР 6 млн. жашоочу болсо мобилдик колдонуучулар 9,38 млн.го жетет. Бул ар бир адамда экиден сим-карта бар дегенди билдирет.
“Бизде интернет менен 1 млн. 33 миң адам активдүү колдонот”, - спикердин айтымында, бул статистиканы Дүйнөлүк банк ж.б. статистикалык уюмдар колдонгон. Бул статистика 2019 – жылдын январь айында тастыкталган.
Ресурстар боюнча алганда, Youtube биринчи орунда турат. “Бизде электрондук соода үчүн жооп бере турчу сайт жок” – деп кошумчалады.