«Электрондук транспорттук көзөмөл» системасы ишке ашырылат

21.01.2020, 17:45 Акчабар
«Электрондук транспорттук көзөмөл» системасы ишке ашырылат

«Электрондук транспорттук көзөмөл» автоматташтырылган маалымат системасын (ЭТК АМС) ишке ашыруунун алкагында атайын сайт иштелип чыккан. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун орун басары Арсланбек Касымалы уулу билдирди.

Анын айтымында, «Электрондук транспорттук көзөмөл» системасын ишке ашыруунун алкагында расмий www.aat.gov.kg сайты иштелип чыккан.

«Бул сайтта «Электрондук транспорттук көзөмөл» системасынын маалымдамасынан алынган жалпы маалымат, автоташуучунун порталдагы кошумча мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүгү, эл аралык ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн уруксат бланктары жөнүндө маалымат, Автотранспорт агенттигинин ишмердиги боюнча маалыматты камтыган бөлүм, ченемдик-укуктук актылар, вакансиялар, транспорттук көзөмөл, лицензиялоо боюнча маалымат, ташуучулар жана жүргүнчүлөр үчүн пайдалуу маалыматтар камтылган», - дейт Арсланбек Касымалы уулу.

Ал белгилегендей, аталган порталда жаңылыктар жана жарыялар да илинет.

Тэги: электрондук тарнспорттук көзөмөл система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу