"Элет-Капитал" облигациялары боюнча киреше төлөгөнүн жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Облигациялар боюнча чегерилген кирешенин жалпы суммасы 1,5 миллион сомго жеткен. Анын ичинен 76 облигация кармоочуга 1 миллион 400 миң сом төлөндү.
Ал эми 906 облигацияга ээ болгон 10 облигация ээсине киреше төлөнө элек. Бул сумма 40,9 миң сомду түздү.