Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жайыл жана Чүй райондорунда cоциалдык мааниге ээ "Нур-Кубат" пилоттук долбоору менен таанышты.
Маалыматка ылайык, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары 2023-жылдын 28-декабрында толук орнотулуп бүтүп, байкоо иштери жүрүүдө.
Долбоордун алкагында ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясы мамлекет тарабынан сатылып алынып, үй-бүлөлөргө кошумча каражат болуп бөлүнөт.