Эмгек министрлиги менен «Ыйман» фонду кызматташуу меморандумуна кол койду

15.03.2023, 09:42 Акчабар
Эмгек министрлиги менен «Ыйман» фонду кызматташуу меморандумуна кол койду

Бишкекте өткөн “IBIF 2023” биринчи ислам инвестициялык форумунун жыйынтыгында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен “Ыйман" ислам кайрымдуулук фондунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул меморандум өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана биргелешкен максаттарга жетүү үчүн тараптардын ортосундагы узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот. Ага ылайык, кайрымдуулукту уюштуруу, Кыргызстандын калкынын аз камсыз болгон катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү болуп саналат. 

Документке кол коюуга Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана “Ыйман" ислам кайрымдуулук фонду коомдук уюмунун президенти Мурад Секакмия катышты.

Эске салсак, 13-14-мартта Бишкекте биринчи Ислам инвестициялык форуму (Ислам бизнеси жана инвестициялык форуму) “IBIF 2023” өттү. Форум Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосундагы социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өз ара аракеттенүүнүн негизги аянтчасы болуу максатын көздөйт.

Форумду Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясы (IBIC), Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы, JTA International Holding (Катар) жана Орусия-Араб изилдөө жана маалымат фонду уюштурду (Сауд Арабиясы).

 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу