Улуттук коопсуздук комитети Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин онго жакын кызматкерин коррупцияга байланыштуу кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрликтин Аламүдүн райондук башкармалыгынын кызматкерлери 2021-2022-жылы документтерди жасалмалоо жолу менен 9 млн 52,9 миң сом социалдык төлөм жана жөлөкпулду өздөрүнө ыйгарып алган.
Учурда кармалгандардын 2021-жылга чейинки иштерин текшерүү пландалууда.