Ар бир депутат эмгек өргүүсү үчүн 500 миң сом алабы?

05.09.2019, 12:41 Акчабар
Ар бир депутат эмгек өргүүсү үчүн 500 миң сом алабы?

Жогорку Кеңештин депутаттары бир жылдык эмгек өргүүсүнө 500 миң сом ала тургандыгы тууралуу социалдык түйүндө маалымат тараган. 

Бул суроо боюнча журналисттер парламенттин басма сөз катчысына кайрылганда,  бул маалыматты жайылтууга мүмкүн эмес экендигин жана эмгек өргүү үчүн 500 миң сом деген сумма чындыкка дал келбегендигин  айткан. 

Эске сала кетсек, КР “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тууралуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү” Мыйзамына ылайык, ар бир адам мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туурасындагы маалыматтарды алуу укугуна ээ. 

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттери ачык-айкын жана так болууга тийиш. Ал эми алардын иштери жөнүндө маалымат баардыгына жеткиликтүү болушу керек. Мамлекеттик кызматкерлер тууралуу маалыматты алуу айрым учурда гана тыюу салынат. 

 

Тэги: Депутат Эмгек өргүү 500 миң ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу