Эми өкмөт айрым мамлекеттик мүлктөрдү ЖКнын уруксатысыз сата алат

27.02.2024, 14:10 Акчабар
Эми өкмөт айрым мамлекеттик мүлктөрдү ЖКнын уруксатысыз сата алат

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети Министрлер кабинетине айрым мамлекеттик мүлктөрдү парламенттин макулдугусуз сатууга уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды

Комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо жактырышты.

Демилгечи депутат Дастанбек Жумабеков. Бирок, депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбооруна Министрлер кабинетинин тиешеси бар.

Алгач мыйзам долбоорунда стратегиялык объектилерди парламенттин макулдугусуз менчиктештирүү укугун Министрлер кабинетине берүү сунушталган. Бирок депутаттар буга каршы чыгып, стратегиялык объектилерди менчиктештирүү парламенттин макулдугу менен болоорун айтып, документке экинчи окууда өзгөртүү киргизишти.

“Калган [объекттер], өзгөчө мамлекеттин менчигине конфискацияланган же ыктыярдуу түрдө берилген объекттер парламенттин макулдугусуз эле сатылат. Мамлекеттик менчиктештирүү программасы болбойт. Министрлер кабинети өзү мамлекеттик мүлктү сатып, маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиктин сайтына жарыялайт”, - деди Бекешев. 

Тэги: КР Өкмөтү мамлекеттик мүлк Жогорку Кеңеш менчиктештирүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу