Эми «Түндүк» тиркемесине онлайн катталууга болот

26.09.2023, 14:24 Акчабар
Эми «Түндүк» тиркемесине онлайн катталууга болот

Эми жарандар “Түндүк”  тиркемесине онлайн каттала алат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен маалымдады.

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде булуттук электрондук кол тамганы онлайн алуу менен катталууга мүмкүн.

“Электрондук кол тамганы алыш үчүн “Түндүк” тиркемесин жүктөө керек. Андан соң берилген суроолорго жооп берип, идентификация системасында катталуу зарыл”, - деп айтылат маалыматта. 

Долбоор санариптештирүү иштеринин алкагында ишке ашырылууда.  

“Түндүк” тиркемесинен санарип документтерди колдонууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн керек болгон электрондук кол тамга “Калкты тейлөө” борборлорунан гана берилип келген. 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу