Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен Ильяз Иманбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Эске сала кетсек, Эмилбек Абдыкадыров буга чейин Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген.